АЙДАРБЕКОВ Курманкул

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:13, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЙДАРБЕКОВ Курманкул [1916, Чүй облусу, Кант (азыркы Ысык‑Ата) району, Жер‑Казар кыштагы - ­1974, ошол эле жерде] – механизатор, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1965).

АЙДАРБЕКОВ50.png

Эмгек жолун 1929-жылы Кант районундагы «Алга» колхо­зунда катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. Улуу Ата Мекендик со­гуштун катышуучусу. 1944-56-жылдары ошол эле кол­хоздун кой фермасынын башчысы, 1956-63-жылдары кант кызылчасын өстүрүүчү ком­плекстүү механикалашты­рылган бригаданын звено башчысы, 1963-жылдан бригадир. Ал башкарган бригада кант кызылчасын өстүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1964-жылы 280 га жердеги кант кызылчасынын ар гектарынан 454 цден, 1965-жылы 310 га жердин ар гектарынан 518 цден түшүм жыйнап алган. 1967-­75-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.