АЗЫКОВА Эмилия Кулиевна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:59, 5 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЗЫКОВА Эмилия Кулиевна (29. 10. 1935, Фрунзе шаары – 29. 12. 2003, Бишкек) – география илимдеринин доктору (1994). 1958‑жылы М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин география факультетин бүтүргөндөн кийин, Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын Тянь‑Шань (учурда Теңир-Тоо) бийик тоолуу физикалык география стан­циясында лаборант, жетектөөчү илимий кызмат­кер болуп иштеген. 1989‑жылдан Кыргыз ССРинин Илимдер Академиясынын Геология институтунда лаборатория башчы­сы. Палеогеография, физикалык география, ландшафт таануу боюнча 90дон ашык илимий эмгектин, анын ичинде 5 монографиянын авторлошу. Анын эмгектери Москва, Санкт‑Петербург ж. б. шаарлардан жарык көргөн «Кыргызстандын аймагынын ландшафты» жана «Жаратылышты коргоо» карта­ларынын автору.
Эмг.: Особенности формирования современных споровопыльцевых спектров Иссык‑Кульской котловины. В кн. Физическая география Прииссыккулья. Ф., 1970 (соав.); Озеро Иссык‑Куль (очерки по физической географии). Ф., 1978 (соав.); Атлас Кыргызской ССР. Т. 1., Раздел «Ландшафты». М., 1987; ККИПР (космос). Ландшафтная карта. Масштаб; 1:500 000. М., 1989.

С.М.Ахмедов.