АРГУ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:11, 15 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АРГУ– 1) 11–12-кылымдарда Караханиддер мамлекетине караган азыркы Кыргызстан, ага чектеш Казакстан аймактарындагы дубан; 2) Гунндардын кура­мындагы байыркы уруулардын бири. Аргулар Махмуд Кашгари ж. б. тарыхчылардын эмгектеринде Талас өзөнүн бойлогон байыркы Талас, Сайрам шаарларын мекендеген түрк тилдүү, көп сандуу байыркы эл экендиги айтылган. Махмуд Каш­гари бул топонимди: 1) эки тоо ортолугу; 2) Баласагун жана Тараз, Баласагун жана Исфиджиабдын ортолугундагы жайгашкан шаарлардын жалпы аталышы экендигин жана бул аймакты кийинки мезгилдерде (11-кылымга чейин) түрк тилдүү уруулар мекендей баштаганын белгилеген. Жамал Карши (13-кылым) Аргу өлкөсүнө бүткүл Жети-Суу аймагы кирерин жазат. 11-кылымдын орто ченин­де Жети-Суу аймагынан Мавераннахрга Аргулар менен бирге карлук, халадж, тухси ж. б. уруулар көчүшкөн. 1253-жылы Или өрөөнү аркылуу өткөн Гильом Рубрук бул аймактын «Органум» деп аталарын эскерген. Аталган аймак жөнүндө Рашид ад-Дин (14-к.) «Жами ат-таварихте» эскерип өтөт. Аргулардын чыгыш тегинин башаты Саян-Алтай аймагы менен да байланышы бар экенди­гин азыркы Тывадагы (Тыва Республикасы) Оргу топониминин сакталып калышы тастыктайт. Ошондой эле Оргу Аргу этнотопоним катары Чыгыш Түркстанда да сакталып калган.