АЛЕКСАНДР II

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:44, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЛЕКСАНДР II (17. 4. 1818, Москва ‒ 1. 3. 1881, Санкт-Петербург) ‒ Россиянын императору (1855‒81). Николай Iнин тун уулу. 1861-жылы крепостнойлук укукту жоюу жөнүндө Манифест жарыялап, анын натыйжасында миллиондогон дыйкандар бошотулган. Мамлекетти башкарууда бир катар реформаларды (сот, цензура, шаар, земство, аскер ишине өзгөртүүлөр киргизүү ж. б.) жүргүзгөн. Өлкөдө темир жол куруу ж.б. өнөр жайлары өнүккөн, флот, армия чыӊдалган. 1863‒64-жылдары Польшадагы көтөрүлүштү баскан соӊ, Александр II революционерлерге, либералдык жана земстволук кыймылдын катышуучуларына каршы чаралар көрүп, бир нече жолу революционер-народниктердин үстүнөн ири саясий сот процесстерин уюштурган. 1870-жылдын аяк ченинен өкмөт тарабынан көп учурларда өлүм жазасына тартуу күч алган. Александр IIнин доорунда Россияга Кавказ жерлери (1864), Казакстан (1865), Орто Азиянын айрым (1865‒81) аймактары каратылган. 1865-жылы Россия империясы Ташкентти басып алган соӊ, Түркстан облусу (1868-жылдан Түркстан генерал-губернаторлугу) негизделген жана жергиликтүү элдерге карата колониячыл саясатын уланткан. 1877-жылы Россия Балкандагы таасирин бекемдөө жана славян элдеринин улуттук-боштондук кыймылына жардам берүү максатында Түркия менен согуш баштаган. Александр II бир нече жолку өмүрүнө коркунуч келтирген кол салуулардан кийин (1866, 1867, 1879, 1880), 1881-жылы 1-мартта Петербургда «Народная воля» уюмунун өкүлү таштаган бомбадан каза тапкан.