АБИДЖАНОВ Сабиджан

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:57, 2 Август (Баш оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБИДЖАНОВ Сабиджан (1947-ж. туулган, Ош облусу, Ноокат району, Ноокат айылы) - экономист, экономика илимдеринин доктору (1995), профессор (1999). Ташкенттеги айыл чарба институтун, Москвадагы бүткүл союздук айыл чарба экономика илим-изилдөө институтунун аспирантурасын (1974), докторантурасын (1995) бүтүргөн. Фергана политехникалык институтунун доценти (1992), Ош Кыргыз-Өзбек университетинин кафедра башчысы, профессор (1999), ОшМУнун кафедра башчысы, профессор (2000), ОшТУнун кафедра башчысы, профессор (2003), экономика изилдөө борборунун директору. Экономика тармактары боюнча 50дөн ашуун илимий эмгектин автору.

Эмг.: Аграрные проблемы Центральной Азии. Фер гана, 1995; Рыночные условия труда в аграрной пере ходной экономике. Ош, 2001; Проблемы экономиче ской системы государства. Ош, 2003.