АБДРАЕВ Кутубай

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:48, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБДРАЕВ Кутубай (1932, Нарын облусу, Кочкор району, Көк-Жар кыштагы --2014, ошол эле жерде) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978). Кыргыз ССРинин айыл чарбасына эмгек сиңирген устаты (1982). Нарын облусунун Кочкор районундагы Соң-Көл совхозунда баш чабан. Малдын кунардуулугун арттырууда чоң ийгиликтерге жетишип, 1972-жылы ар жүз тубар койдон 148ден козу, 5 кгдан жүн алган. 1975-80-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Үч Ленин ордени,Октябрь Революциясы, Монгол Эл Республикасынын «Алтын годос одон» ордендери менен сыйланган.

АБДРАЕВ 117.png