«АК МАРАЛ» МАМЛЕКЕТТИК БИЙ
«АК МАРАЛ» – Н. Түгөлов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдындагы бийчилер ансамбли. 1939‑ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун 1-декадасына карата балетмейстерлер Н. С. Холфин, В. В. Козловдун жетекчилиги менен уюштурулган, бирок декададан кийин ал өз ишин токтоткон. 1957‑60‑ж. 20 бийчиден турган элдик бий ансамбли орус, украин ж. б. элдердин бийлеринен концерттик программа түзүшкөн. 1966‑ж. Н. Түгөловдун көркөм жетекчилиги менен ансамбль кайрадан уюштурулган. 1977‑83‑ж. ансамблдин көркөм жетекчиси ж‑а башкы балетмейстери КРдин эл артисти К. Мадемилова, 1983-жылдан КРдин эл артисти, балетмейстер М. Асылбашев. 1988‑жылдан ансамбль азыркы аталышта, 1991‑ж. КРдин эл артисти Н. Түгөловдун ысымы берилген.
Ансамблдин концерттик программаларын кыргыз, казак, башкыр, татар, түркмөн, өзбек, азербайжан эл бийлери, «Европа бий музыкасы» аттуу бөлүмдөр түзөт. «Тамаша», лирикалык «Ак куу», «Ак тамак, Көк тамак», «Миң кыял», «Эл достугу» бий сюитасы, «Сары өзөн баяны», «Саринжи‑Бөкөй», «Беш ыргай», «Тогуз кайрык», «Маш ботой» ж. б. бийлер туруктуу репертуарга айланган. Ансамбль Түркияда, Германияда, Францияда, Малайзияда, Индияда ж. б. чет өлкөлөрдө гастролдо болгон.