ИНГЕРМАНЛАНДИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:16, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– тарыхый облус. Орус мамлекетинин түн.-батышында жайгашкан. Аянты 15 миң км². Бул аймактын чыгыш бөлүгү 13-к-дан орус булактарында Ижора жери деп аталган. Батыш бөлүгү Водинин аймагы. 10-к-дан Води жана Ижора менен катар аймакта славян уруулары (кривичи жана словен) жашаган. 1583-ж. Ливон согушунан (1558–83) кийин аймактын бир бөлүгү Россиядан Швецияга өтүп кетип, 1590–93-жылдардагы орус-швед согуш учурунда Россияга кайтарылып берилген. 1617-жылдагы Столбов тынчтык келишими менен аяктаган швед интервенциясынын натыйжасында бүткүл аймак Швециянын бийлигине өтүп, И. (адм. борбору - Нарва) анын жаңы провинциясы болуп калган. 1629-ж. провинция Лифлянд генерал-губернаторлугунун курамына кирип, 1641-ж. Карелия менен биргеликте өзүнчө генерал-губернаторлук түзгөн (адм. борбору - Нюен шаары, анын азыркы аймагы Санкт-Петербург ш-нын чегинде). Жерлер Швециянын ак сөөктөрүнүн бийлигине бөлүштүрүлүп берилген. 1700–21-ж-дардагы Түндүк согушунун учурунда И-нын аймагы Ништадт тынчтык келишими (1721) б-ча кайрадан Россия империясынын курамына кирген. 1708-ж-дагы губерниялык реформага ылайык И. Ингерманланд губерниясынын (1710-жылдан Санкт-Петербург губерниясы) бир бөлүгүн түзгөн. 1049