ДЕНАРИЙ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:15, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (6)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– байыркы римдин күмүш монетасы. Д. чыгарылган дата талаштуу (б. з. ч. 269, 217, 213–211, 187); Салмагы алгач 4,55 г (1/72 рим фунту) жана 10 ассам (динардын наркынын белгиси - "X"), б. з. ч. 141-ж-дан кийин – 3,86 г (1/84 фунт) жана 16 ассамга барабар; алтын монеталардын киргизилиши менен 25 Д. ауреуска барабар болгон. Денарийдин бөлүктөрү: викториат (3/4 денария), квинарий (1/2 денарий), сестерций (1/4 денарий, HS деп белгиленген, б. з. ч. 23-ж-дан латундан). Б. з. ч. 1–2-к-дарда Д. төлөө жана топтоочу (грек драхмасына туура келет) негизги каражат болуп саналган; легионердин жылдык эмгек акысы 225 Д-ди, жумушчунун бир күндүк айлык акысы 1 Д-ди, 1 туниканын баасы 4 Д-ди түзгөн. Убакыттын өтүшү менен Д. эскирип (1/96, 1/100, 1/140 фунт), анын лигатурасына жез кошулган. Император Каракаланын тушунда (215-жылдан) Д. менен бирге кош Д. же антониниан чыгарылып, Д-ды четтеткен. 3-к-да инфляциянын натыйжасында Д. коло монетага айланып калган. 4-к-дын башында Д. 1/50000 алтын фунтка барабар болгон жана монетадан эсептөө бирдигине – акча Д-не өткөн; ошол эле учурда Д-ди аргентеус (бир фунт күмүшкө 96 монета = 50 акча Д.) деп атоого аракет жасалган. 4-к-дын орто ченинде Д. милиарисия (292-ж. чыгарылган) жана силиква (1/2 милиарисия) тарабынан кулатылып, кийинчерээк Чыгыш Рим империясынын негизги күмүш купюраларына айланган. Д-ден пфенниг, пенни жана динар монетасынын аталышы келип чыккан. 1195