ДАРИК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:41, 28 Февраль (Бирдин айы) 2024 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

ДАРИК –  алтын монета, Ахемениддер мамлекетинин акча системасы. Дарикте найза менен тизе бүгүп, жаа аткан түрүндөгү падыша сүрөттөлгөн. Салмагы болжол менен 8,4 г, алтындын курамы жогору. 1 дарик 20 шекелге барабар. Дарик Дарий Iнин реформалары учурунда чыгарылган. Дарий IIIнүн тушунда (б. з. ч. 336–330) Ахемениддер державасынын кулашына байланыштуу токтотулган.