БЕРНШТЕЙН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:36, 29 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БЕРНШТЕЙН Эдуард (6. 1. 1850, Берлин — 18. 2. 1932, ошол эле жерде) – немец социал-демократиясынын оппортунисттик канатынын лидерлеринин бири жана 2-Интернационалдын, ревизионизмдин идеологу. 1872-ж. социал-демократияга кошулган. Ал лассальянчылар менен компромисстик идеологиянын жактоочусу 70-жылдардын аягында революциячыл күрөштөн баш тартып, Бисмарк режимин колдоого үндөгөн. Карл Маркс жана Ф. Энгельстин сын-пикирлеринин таасири менен ал убактылуу оппортунисттик позициядан алыстаган. 1881–90-ж. «Социал-демократ» («Sozialdemokrat») гезитинин редактору. 90-ж-дын ортосунан марксизмден толугу менен четтеген. "Социализмдин көйгөйлөрү жана социал-демократиянын милдеттери" (1899) аттуу китебинде К. Маркстын окууларынын негизги жоболорун кайра карап чыгуу программасы сунуш кылынган. Революциялык марксизмди реформизмге алмаштырууну, буржуазиялык экономисттер менен философтордун идеяларын коргоп, буржуазиялык демократияны даңазалаган. Социалисттик револбция жана пролетариат диктатурасы жөнүндө Карл Маркстын жоболоруна каршы чыккан. Берштейндин жана анын жактоочуларынын (бернштейнчилердин) идеяларын революциялык марксисттер (В. И. Ленин, Ф. Мехринг, Р. Люксембург, П. Лафарг ж. б.) кескин сынга алышкан.