АУТОДАФЕ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
01:07, 20 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search
 (исп. auto de fe ‒ дин актысы) ‒ Испания ж-а Португалиядагы католиктер чиркөөсүнүн инквизиция сотунун өкүмүн көпчүлүккө жарыялоо ж-а ишке ашыруу каадасы. А. монахтар ж-а инквизиция сотунун мүчөлөрү башында турган салтанаттуу процессия м-н башталган. Алардын артында жин-шайтандардын, оттун жалынынын сүрөтү түшүрүлгөн кийим кийгизилген соттолгондорду, аягында өкүм ишке ашырылганга чейин эле көз жумгандардын табытын алып өтүшкөн. Процессиянын аягында салтанаттуу табынуу болуп, инквизи ция сотунун өкүмү жарыяланган. Андан соӊ «күнөөлүүлөрдү» соттун чыгарган өкүмүнө ылайык, чогулган элдин алдында же балак алышкан же отко өрттөшкөн. Айрым маалыматтар б-ча 1481‒1808-ж. аралыгында Испанияда 35658 адам тирүүлөй өрттөлгөн. Акыркы жолу А. 1826-ж. Валенсия ш-нда (Испания) өткөрүлгөн.