АБУ БАКР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АБУ БАКР, толук түрүндө Абдаллах ибн Осмон (Абу Кухафа) ибн Амир ибн Амр ибн Кааб ибн Саад, ибн Тайм ибн Муррах ибн Кааб ибн Улуай ибн Галиб ибн Фихр (Меке шаары, 27. 11. 572, – Медина шаары, 23. 08. 634) – мусулмандардын биринчи калпасы [халиф (632–634)], мамлекеттик саясий ишмер; Мухаммед пайгамбардын кайын атасы, анын ишин улантуучулардын бири. Ислам динине эң биринчилердин катарында киргени үчүн пайгамбар алгач ага «Атик» («Аман калуучу»), кийин Мухаммедди чексиз колодогону жана анын айткандарынын чын экендигине күбө болгону үчүн «ас-Сыдык» («Чынчыл, Адил, Адилет»)  деген ысымдарды ыйгарган. Хижра учурунда (622-ж.) адегенде пайгамбарды Мекенин чет жакасындагы Сабр үңкүрүндө жашырып, кийин Медина шаарына коштоп барган. 624-ж. кызы Айшаны пайгамбарга берип, анын бардык жүрүштөрүнө катышкан жана Табуктагы салгылашууда мусулмандардын туусун алып жүргөн. 632-ж. Мухаммед кайтыш болгондон кийин калпалыкка бекитилген. Абу Бакрдин тушунда Арабия жарым аралында исламдын таасири бекем орноп, чыгышында Сирия, Ирак жана Сасандардын империясына каршы жүрүштөр башталган. Анын буйругу менен Мухаммеддин алгачкы «ачылыштары менен айткандары» жыйнакталып көчүрүлгөн. Кийинчерээк ал ыйык Курандын негизин түзгөн.

М. Абдылдаев.