ШАХ-ФАЗИЛ күмбөзү

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:58, 29 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''ШАХ-ФАЗИЛ''' күмбөзү – ар кайсы доорлордун эстеликтерин бириктирген Орто Азия архитектурасын...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

ШАХ-ФАЗИЛ күмбөзү – ар кайсы доорлордун эстеликтерин бириктирген Орто Азия архитектурасынын чоң тарыхый-архитектуралык комплекси. Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Гулистан айылында Кербен шаарынан 10 километр алыстыкта жайгашкан. Күмбөз Караханиддер дооруна (XI кылым) таандык диний имараттардын комплексине кирет. Анын илимий жана тарыхый мааниси чоң, анткени ал Борбордук Азиядагы байыркы фаллик маданиятынын изин ачкан жалгыз комплекс. Бул комплекстин өзү исламга чейинки доордо ыйык Арча-Мазар тоосунда фаллик  маданиятынын корук жайы катары пайда болгонун көрсөтүп турат.

Кийинчерээк комплекске тоонун өзүнөн тышкары ислам доорунун ар кандай мезгилдеринин эстеликтери: XIX кылымдагы Аламбердар күмбөзү, ыйык дервиш үңкүрү, 2772 араб шейиттери өлтүрүлгөн Кыргын-Мачет, XVIII–XIX кылымдарга таандык мечит, XI кылымга таандык Шах-Фазил күмбөзү, анын жанында фаллус түрүндөгү вертикалдуу орнотулган таш, ошондой эле XIX кылымдын мавзолейи Сафед-Булан турат.

Эстеликтердин мүнөздүү өзгөчөлүгү болуп көк, ачык көк, сары жана кызыл түстөгү жарым-жартылай жарыктандыруу менен оюм-чийимдик ганч оюмдары менен берилген ички жасалгалардын байлыгы менен тышкы аскетизмдин айкалышы эсептелет. Бул чарчы курулуш оригиналдуу формадагы тепкичтүү барабан жана бийик күмбөз жайгашкан массалык кесилген пирамида түрүндө жасалган. Күмбөздүн ичи жерден шыпка чейин кооз ганч оюмдары менен капталган. Комплекстин курулушу Мухаммед пайгамбардын небереси – Шах Жарир баштаган арабдардын исламды жайылтуу үчүн бул жерлерге жасаган жортуулу жөнүндөгү уламыш менен байланыштуу. Каапырлар намаз учурунда мусулмандарга кол салып, баштарын кесип салышкан. Шах-Жарирдин кара тору колуктусу Сафед-Булан каза болгондордун баарын жерге берген баатыр эне болгон. Кудай ага батасын берип, ак жуумал аялга айланат. Аны Сафед-Булан - Ак аял деп атай башташкан. Шах-Жарирдин ишин анын уулу Шах-Фазил уланткан. Каапырларды жазалап, бул жерлерге динин жайылта берген.

Калыбына келтирүү иштери 1980-жылдары, андан кийин дагы 2003-жылы жүргүзүлгөн. Бардык эстеликтер эбактан бери Орто Азия мусулмандарынын зыярат кылуучу жайы болуп келген.