АБУ БАКР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:48, 3 Август (Баш оона) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБУ БАКР, Абдаллах ибн Осмон А б у Б е к р (27. 11. 572, Арабия жарым аралы , Хиджаз, Меке – 23. 8. 634, ошол эле жерде) – Араб халифатындагы биринчи халиф (632-жылдан); Мухаммед пайгамбардын ишин улантуучу. Ал Мухаммеддин жакын жолдошу жана анын алгачкы колдоочуларынан болгон, ошондой эле пайгамбардын аялы Айшанын атасы. Мухаммеддин окуусуна чексиз берилгендиги үчүн ардактуу ас-Сиддик (өтө такыба) деген атакка ээ болгон. 631-жылы мусулмандардын Мединадан Мекеге барган ажылык сапарына башчылык кылган. 632-жылы Мухаммед кайтыш болгондон кийин Меке, Медина мусулмандар коомунун башчысы. Абу Бакрдин тушунда (632–634) исламдык позиция Арабстанда бекемделип, таасири Сирия менен Иракка тараган. Анын буйругу менен Мухаммеддин алгачкы «ачылыштары менен айткандарынын» жыйнагы түзүлгөн, ал кийинчерээк Курандын негизин түзгөн.

М. Абдылдаев.