АБД АЛЬ-АЗИЗ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:02, 29 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Adina (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АБД АЛЬ-АЗИЗ ибн Сауд (24. 11. 1880, Эр-Рияд – 9. 11. 1953, Таиф) – Сауд Аравиясынын негиздөөчүсү жана биринчи королу. Саудиддер династиясынан. 1890-ж. Эр-Рияд шаарында бийликти басып алган Рашидиддердин үй-бүлөсүнүн кысымынан саудиялыктар Бахрейнге, андан соң Катарга, акыры Кувейтке жер которгон. 1902-ж. ал 60 кишиден турган отряды менен Эр-Риядды басып алган. 1902-жылдан Недж мамлекетинин эмири, 1926-жылдан Хижастын королу, 1932-жылдан Сауд Аравиясынын королу. 1-дүйнөлүк согуш башталганда ал Британия империясынын колдоосу менен Рашидиддерди жеңген. А. А.-А. Жебел Шаммарды (1921), Хижазды (1924–25), Асирди (1932) басып алган. Ислам дүйнөсүнүн руханий лидери деп ырасталган. Англиядан оолактап, АКШга ыктаган. 1933-ж. америкалык «Стандарт ойл оф Калифорния» мунай компаниясы менен чалгындоо, мунай өндүрүү жана сатуу боюнча келишим түзгөн. 2-дүйнөлүк согуш мезгилинде нейтралитетин сактаган. Жакынкы Чыгыштагы жаңжал учурунда палестиналыктарды колдогон. Ал еврей мамлекетин түзүүгө каршы турган Араб мамлекеттер лигасынын лидерлеринин бири. Архаикалык араб коомун өзгөртүү максатында мамлекеттик интернаттарды ачып, заманбап армия түзгөн. Эр-Риядды Перс булуңунун жээги менен туташтырган биринчи темир жол ачылган.