АК-ДӨБӨ - Талас облусундагы кыштак

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
Jump to navigation Jump to search

АК-ДӨБӨ - Талас облусунун Бакай‑Ата районундагы кыштак. Ак­-Дөбө айыл аймагына караштуу. Талас – Тараз (Казакстан) автомобиль жолунун боюнда, Та­лас дарыясынын сол жээгинде, деңиз деңгээлинен 1070 м би­йиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ба­кай‑Ата кыштагынан 13 км түндүк-чыгыш тарапта. Тараз (Казакстан) темир жол бекетинен 95 км. 1891‑жылы отурукташкан. Калкы 4290 (2009); не­гизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Талас дарыясынан чыгарылган Чоң Талас каналы айылды батыш тарабынан кесип өтөт. Эки орто мектеп, китепкана, бала бакча, амбулатория, турмуш‑тиричилик комбинатынын бө­лүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта кур­ман болгондорго эстелик тургузулган. Жеке мен­чик «Боорукер» үйү ачылган (1994; үй ээси А. Бо­ромбаев). Анда кароосуз калган кары‑картаңдар багылат. Кыштакта КРнын эл сүрөтчүсү Т. Гер­цен туулган.