БАЗАРЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:37, 16 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАЗАРЛЫК ‒ базарга барган адам өзү сыйлаган адамына белек катары сатып келген буюм. Мурда кыргыздар шаарга жакын болбогондуктан айда, жылда 1‒2 жолу гана базарга барган. Базарга барып келүүгө кудурети жоктор барчуларды кулактап, мал, акча беришип, керектүүлөрүн ала келүүнү өтүнгөн. Базарга баруу оӊой-олтоӊ иш болбой, ага аттуу, малдуу, сооданы билген тыӊ кишилер гана барган. Мына ушундай сыймыктуу иштен Б. алып келүү салты пайда болгон.

                                                                                                                                                       И. Молдобаев.