АТАМБАЕВА Раиса Минахмедовна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:22, 26 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТАМБАЕВА Раиса Минахмедовна (1958 – жылы туулган, Ош шаары) – медицина илимдеринин доктору (2016). КММИни бүтүргөн (1981). Эмгек жолун Кыргыз эпидемиология, микробиологя жана гигиена ИИИде кенже илимий кызматкер болуп иштеп баштаган. СССР МИАнын А.Н. Сысоев атындагы жалпы жана коммуналдык гигиена ИИИде аспирант; Кыргыз эпидемиология, микробиология жана гигиена ИИИде лаборатория башчы, ага илимий кызматкер; КР саламаттык сактоосунун “Профилактикалык медицина” МЭУда жетектөөчү илимий кызматкер. Анын 52 илимий эмгектери, анын ичинде 2 окуу китеби, 2 ойлоп табуунун патенти, 4 методикалык көрсөтмөлөрү жарык көргөн.

Эмг.: Питание и здоровье: учебник.–Б. 2013.– 332 с. (в соавт).