МАМБЕТОВА Насира Исмаиловна

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:06, 11 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) (Created page with "'''МАМБЕТОВА''' Насира Исмаиловна (2. 12. 1948-жыл, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тамга айылы) – акт...") тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

МАМБЕТОВА Насира Исмаиловна (2. 12. 1948-жыл, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Тамга айылы) – актриса, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1992), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти (1978), lll даражадагы Манас орденинин ээси (2016), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2016).

Өмүр жолу жана чыгармачылыгы

1967–1972-жылдары. А. В. Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр өнөрү институтунда окуган. 1972–1993-жылдары С. Ибраимов атындагы Ош улуттук кыргыз драма театрында иштеген. 1993-жылдан тартып ушул убакка чейин Н. Мамбетова Бишкек шаарындагы Кыргыз мамлекеттик Б. Кыдыкеева атындагы жаш балдар театрында эмгектенет. Н. Мамбетова улуттук, дүйнөлүк, орус драматургдарынын спектаклдеринде бир катар каармандардын образын түзүп, алардын кулк-мүнөзүн, ички дүйнөсүн чебер ачып көрсөтүп бере алган актриса.

Театрда ойногон негизги ролдору

·       Айганыш (К. Жантөшев «Курманбек»);

·       Ак бала (М. Ауэзов «Каракөз»);

·       Жаңыл Мырза (А. Куттубаев, К. Маликов «Жаңыл Мырза»);

·       Кадича, Сейде (Ч. Айтматов «Кызыл жоолук жалжалым», «Бетме-бет»);

·       Багдагүл (Т. Абдумомунов «Ашырбай»);

·       Мадина (М. Карим «Жөө Махмуд»);

·       Аял (М. Байжиев «Акыркы рейс»);

·       Гертруда (У. Шекспир «Отелло»);

·       Комиссар (В. Вишневский «Оптимисттик трагедия»);

·       Актриса (М. Гапаров «Туздуу чөл»);

·       Бешмет (Ж. Садыков «Ак Мөөр»);

·       Бакен (Талант жана тагдыр»);

·       Сүйүн (Ж. Кулмамбетов «Аксыдагы атуу, же Боспиектеги карантүн»);

Кино тасмадагы ролдору

·       Бекей («Ак кеме»);

·       Кадича («Мен – Тянь-Шань»);

·       Курманжан («Курманжан-Датка») жана башкалар.

«Нооруз-91» театр фестивалынын жеңүчүүсү. Медалдар менен сыйланган.