БАДАН

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
11:18, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАДАН (Вergenia) ‒ өсүмдүктөрдүн таш жаргычтар тукумунун уруусу. Сабагы кыска, тамыры жоон, көп жылдык өсүмдүк. Түбүнөн жалбырактайт, жалбырагы чоӊ, кабыктуу, гүлү кызыл же ак. 10 түрү бар, көбүнчө Борбордук жана Чыгыш Азияда кездешет. КМШ өлкөлөрүндө 4 түрү өсөт. Чыгыш Сибирь, Түндүк Монголияда калыӊ жалбырактуу Б. коюу чыгат. Эзелтен бери кооздук үчүн өстүрүлөт. Дары-дармек жана техникалык (боёк) өсүмдүк катары да мааниси чоӊ. Андан танин, арбутин ж. б. алынат.