БАГРАТИОНДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:16, 26 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАГРАТИОНЛОР‒ 9‒19-к-дагы грузин падышаларынын династиясы. Б. Спери (Түркиядагы азыркы Испири) провинциясынан чыгышкан. 9-к-дын 1-жарымында Ашот I Түштүк Грузияда күчтүү Тао-Кларжети княздыгын түзөт. Давид Строитель (1089‒1125), Георгий III (1156‒84), Тамара (1184‒1213) Багратиондордун көрүнүктүү өкүлдөрү болушкан. 15-к-дын аягында Грузия мамлекети кулагандан кийин, Багратиондор Картлий, Кахетин жана Имеретин падышачылыктарын башкарган. Багратиондордун падышалык бийлиги 1801-ж. Грузия Россиянын курамына кошулгандан кийин жоюлуп, анын бир бутагы орус княздарынын катарына кошулган. Багратиондордон Вахушти, Давид өӊдүү тарыхчылар, орус полководеци П. И. Багратион сыяктуу белгилүү адамдар чыккан.