БАБА ДЫЙКАН
Jump to navigation
Jump to search
БАБА ДЫЙКАН‒ дыйканчылык менен кесип кылган орто азия элдериндеги диндик, мифологиялык түшүнүк. Дыйканчылыктын колдоочусу (пири) эгинди аралап кетсе, дан мол болот деген ишеним болгон. Адегенде бутпарастык, кийин диндик ынанымда пайдаланган. Ал аксакал карыя же канаттуу (көгүчкөн, кыргоол) түрүндө көрүнөт экен деп ойлошкон. Түшүм мол болсун үчүн, анын урматына ырым-жырымдарды (сыйынуу, түлөө) өткөрүшкөн. Б. д. түшүнүгү мыкты дыйкан деген мааниде да колдонулат.