АҢЧЫЛЫК АЙБАНАТТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:48, 26 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АҢЧЫЛЫК АЙБАНАТТАРЫ– кармап же атып алчу кайберен менен илбээсин. Алар этинен сырткары мамык жүн, мүйүз жана тери берет. Жашаган жерине жараша токой (токой чили, кара кур, керең кур ж. б.), талаа же чөл (боз чил, бөдөнө, кыргоол, безбелдек, тоодак), саз (эчки маарак), суу (өрдөк, каз ж. б.), тоо (улар, кекилик ж. б.) илбээсиндерине, ошондой эле жашоо шартына жараша жерг.иликтүү жана келгин болуп айырмаланат. Аларга кайберендер (багыш, марал, тоо эчки, аркар-кулжа д. у. с.), коён, каман ж. б. кирет. Аңчылык кылууга мамлеккеттик органдар белгилүү мөөнөткө уруксат берет. Кээ бир сейрек аңчылык айбанаттарына (ак куу, каркыра, тоодак, кыргоол ж. б.) атууга же кармоого убактылуу тыюу салынып, аларды көбөйтүү максатында атайын коруктар уюштурулган (мисалы, Сары-Челек, Ысык-Көл ж. б.). Илбээсиндердин эти даамдуу жана сиңимдүү. Терисинен булгаары, жаргак ж. б. даярдалса, мүйүзү көркөмдөөдө жана көркөм буюм жасоо үчүн колдонулат, ал эми чаар бугу менен маралдын кемирчек мүйүзүнөн пантокрин дары заты алынат, к. Куну айбанаттар.