АҢГЕМЕЛЕШҮҮ
АҢГЕМЕЛЕШҮҮ п е д а г о г и к а д а – окуучулардын таанып-билүүлөрүн активдештирүү максатында колдонулуучу окутуу ыкмаларынын
бири. А-дө окуучулар мугалим же жолдоштору тарабынан коюлган суроолорго жооп берүү менен жаңы билимге ээ болушат, өтүлгөн материалды кайталап бекемдешет. Ошондуктан суроолор жаңы түшүнүктөрдү калыптандырууга жана факт, кубулуш, процесстердин арасындагы жаңы байланыштарды түзүүгө, алган билимди пайдаланууга багытталып так, түшүнүктүү берилиши зарыл. А. учурунда окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрү ачык көрүнөт. Алардын бирөө окуянын же кубулуштун мүнөздүү белгилерин тез көрө билсе, экинчиси проблеманын мазмунун кыскача чечмелегенди жакшы билет, үчүнчүсү - процессти так сүрөттөп көрсөтөт. А. – психология жана педагогика илимдеринде адамдын психол. өзгөчөлүктөрүн (анын ишенимин, аракеттенүү багытын, кызыгуусун, чөйрөгө жана адамдарга болгон мамилесин ж. б.), ошол өзгөчөлүктөрдүн калыптануу шарттарын үйрөнүү максатында пайдаланылат.