АЯТОЛЛА
Jump to navigation
Jump to search
АЯТОЛЛА,(ар. ‒ «Алланын аяты», «Алланын белгиси») ‒ шииттерде дин башчыларына ыйгарылчу жогорку диний атак. Бул түшүнүк 19-к-дын 2-жарымында пайда болгон. Мындай атакты алгандар көптөгөн өлкөлөрдүн шиит коомдорунда кездешет. Иранда 1979-ж. ислам рев-ясынын учурунда 30га жакын адамга ыйгарылган. Кийинчерээк Иран Ислам Республикасынын башчысы Хомейни Рухолла атакты берүүгө чек коюп, бул маселени өзү чечип калган.