АЯККАП
Jump to navigation
Jump to search
АЯККАП‒ идиш-аяк сактай турган, керегеге илип коюучу буюм. А. ооз жагы түз кесилген, төрт бурч формасында, байыркы мезгилде кулун менен койдун терисинен, кийизден, таардан, кездемеден, кийинчерээк баркыттан жасалган. А. көчмөн турмушка ылайыкталган. А-тын
оозу үч, төрт бурч же жарым айлана түрүндөгү капкалдырыгы менен жабылат. Анын көрүнөө бети менен капкалдырыгы оймо-саймалар, четтери торлуу чачылар менен кооздолгон. Керегенин башына илип коюу үчүн А-тын
эки четине илгич тагылган. Ал боз үйдүн эпчи жагындагы керегеге илинген. Азыр А. сейрек кездешип, кооздук үчүн гана жасалат.