АЭРОЛОГИЯЛЫК ПРИБОРЛОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:12, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОЛОГИЯЛЫК ПРИБОРЛОР‒ атмосферанын жогорку катмарындагы абанын басымын, ылдамдыгын, температурасын, нымдуулугун, булуттарды, күндүн радиациясын, атмосферанын турбуленттүүлүгүн, озон менен аэрозолдун топтолушун, радиациясын, атмосферанын потенциялын ж. б. өлчөө үчүн колдонулуучу приборлор. Негизги А. п. ‒ метеорограф, радиозонд, самолётко орнотулган метеорологиялык лабороториялардын жардамы менен ченелет. Атмосферанын 100 км жана андан бийик катмарларындагы абанын температурасын, басымын, тыгыздыгын өлчөө үчүн метеорологиялык ракеталар, өтө кеӊ мейкиндиктеги атмосфераныы изилдөө үчүн метеорологиялык спутниктер пайдаланылат.