АЭРОЗОЛДОР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
09:58, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АЭРОЗОЛДОР (аэро… лат. solutio ‒ эриме) ‒ көзгө илешпеген майда бөлүкчөлөрдүн (дисперсиялык бүркүндүлөр) абада же газда чаӊгыттап турушу. Табиятта кезигүүчү А. ‒ түтүн, боз, булут, туман жана чаӊ. Түтүн газ абасындагы химиялык заттардын жаӊы фаза пайда кылуу менен аракеттенишинен, күйүүдөн ж. б.; туман суюктуктун көзгө илешпеген майда тамчыларынын абада таралышынан пайда болот. Чаӊдын А-у калкып көтөрүлүп, абаны булгап, боз тунарык түшүрөт. Ал айыл чарбада, медицинада, ветеринария да ж. б. колдонулат.