БАБАК Валентин Федорович
Jump to navigation
Jump to search
БАЮАК Валентин Федорович (1937-жылы туулган, Украина, Киев облусу, Смелы ш.) ‒ техника илимд. доктору (1994), профессор (1996). ФПИни (1961), Москва станок-инструменталдык институтунун аспирантурасын (1969) бүтүргөн. ФПИнин механика факультетинде доцент, метрология жана стандартизация кафедрасынын башчысы (1973‒92), И. Раззаков атыдагы КУТУнун «Машина куруу технологиясы» кафедрасында доцент, экономикадагы инженердик системалар кафедрасынын башчысы (1995-жылдан). Машина куруу объектилерин автоматтык долбоорлоо системасын иштеп чыгуу боюнча адис. 120дан ашуун илимий эмгектердин, анын ичинде 4 монографиясы, 6 окуу китеби жарык көргөн.