АЧКЫЧ СӨЗ АРКЫЛУУ ИЗДӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:19, 2 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
(Кeyword search-Поиск по ключу). Маалымат издөө системдеринде изделүүчү предметин же темасын баяндаган бир же андан көп ачкыч сөзү менен издөө аткарылат. Мисалы, «Кыргызстан» банкы жана анын филиалдары маалымат кызыктырса, компьютерге бул атты жана «филиал» сөзүн & символу менен бириктирип киргизип койсок. Издөө системи бул эки сөз боюнча издөөнү аткарат жана экранга ал сөздөрдү камтыган сайттардын тизмеси менен катар аларда эмне деген маалыматтар бар экендиги тууралу кабар чыгарып берет.


АЧКЫЧ СӨЗ АРКЫЛУУ ИЗДӨӨ.jpg