АХЛ АЗ-ЗИММА
АХЛ АЗ-ЗИММА (зиммалар ‒ колдоого алынгандар) ‒ мусулман бийлигин тааныган, жан салыгын (жизия) төлөгөн жана ал үчүн мусулмандар тарабынан колдоого алынган башка диндегилер. Аларды тышкы душмандардын кол салуусунан коргоо жана өмүрүнө, мүлкүнө кол тийбестик укугу мусулмандар менен бирдей даражада сакталган. Алгач зимма аталышы Мухаммеддин араб урууларына кайрылуусунда (629‒630) жана Курандын 9-сүрөөсүндө айтылган. Кийин Наджран христиандары менен түзүлгөн келишимде (632) аларга сөзсүз аткарылуучу шарттар коюлуп (жизия, о. эле акчалай же натуралай салык төлөө, мусулмандарга турганга жай берүү жана алардын душмандарына колдоо көрсөтпөө), ошондон кийин гана зиммаларга колдоо көрсөтүүлөрү айтылган. Мезгил өткөн сайын бул шарттар жаӊылана берген. Мис., 11-к-да ал-Мавардинин тушунда А. а. З-ларга 12 шарт койгон: Куранга, Мухаммедге акаарат келтирбөө, мусулман кыздары менен никеге турууга, мусулмандарды башка динге өтүүгө үгүттөөгө, мусулмандардын душмандарына жардам көрсөтүүгө ж. б-га тыюу салынган. Мындан тышкары алар мусулмандардан айырмаланып, белгиси бар кийим кийүүгө тийиш болгон, мусулмандардын турак жайынан бийик үйлөрдү салууга, өздөрүнүн ыйык китептерин мусулмандар бар жерде үн чыгарып окууга жана алардын көзүнчө шарап ичүүгө, крестти, чочкону ачык жерге кармоого ж. б. тыюу салышкан. Бирок буга карабастан, о. кылымдарда негизинен башка диндегилерге карата мусулмандардын мамилеси негизинен дурус болгон. 19-к-да Европа өлкөлөрү Осмон империясындагы христиандардын абалы тууралуу маселени шылтоо кылып, ички иштерге кийилигише баштагандан кийин мусулмандарда христиандарга карата кастык мамиле пайда болуп, 1860-ж. Сирия жана Ливанда кан төгүүлөргө алып келген. Бүгүнкү күндө А. а. З. түшүнүгү жоюлган жана мусулман өлкөлөрүнүн бардык жарандары жалпы мыйзамга баш ийишет.