БЛЭР Энтони

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:13, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

Энтони (Тони) Чарльз Линтон (6. 5. 1953-ж. т., Эдинбург, Улуу Британия) – мамл. ишмер. Улуу Британиянын премьер-министри (1997–2007). Юристтин үй-бүлөсүнөн. 1975-ж. Оксфорд ун-тинин юрид. мектебин бүтүргөн. 1975-ж. Лейбористтик партиясынын катарына өткөн. 1983-жылдан Общиндер палатасынын депутаты, 1984-жылдан финансы, экономика, соода жана ички саясат маселелери б-ча лейбористтер фракциясынын эксперти, 1987-жылдан лейбористтик "көмүскө кабинетте" ар кандай кызматтарды аркалаган, 1994-ж. лейбористтер партиясынын төрагасы болуп шайланып, «Жаңы лейборист, жаңы Британия» деген ураан астында аны реформалоону демилгелеген, бул 1997-жылдагы шайлоодо лейбористтер партиясынын ийгилигине өбөлгө түзгөн. Ал бир катар ички саясий реформаларды жүргүзгөн (Шотландия, Уэльс жана Түн. Ирландияда аймактык парламенттерди түзүү, мамл. мектептерди реформалоо ж. б.). Сербия, Афганистан жана Иракка каршы АКШнын согуштук аракеттерин активдүү колдогон. 2007-ж. Б. Лейбористтер партиясынын төрагасы жана премьер-министр кызматын Г. Браунга өткөрүп берген. 2007–15-ж. Жакынкы Чыгышты (Европа Союзу, Россия, АКШ жана БУУ) жөнгө салуу б-ча квартеттин атайын өкүлү. Бир нече банктык топтордун кеңешчиси.