БИХАР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:13, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (2), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

– Индиянын түн.-чыгышындагы тарыхый облус, 1950-жылдан Индия республикасынын штаты. Ганга түздүгүндө жайгашып, түндүгүнөн Непал, чыгышынан Батыш Бенгалия, батышынан Мадхья-Прадеш жана Уттар-Прадеш, түштүгүнөн Джаркханд штаттары менен чектешет. Аянты 94 миң км2. Калкы 90,3 млн киши (2005). Адм. Борбору – Патна. Бихар салты Будда Шакьямунинин (б. з. ч. 6–5-к.) ишмердүүлүгү менен байланышкан. Гупта жана Ашока (б. з. ч. 3-к.) империяларынын тушунда Б. гүлдөп өнүккөн. Б. 12-к-дын аягы–18-к-дын ортосунда Дели султанатынын, Улуу Моголдор мамлекетинин курамында. 1757–65-ж. англиялыктарга, 1911-жылдан Британдык Индия провинциясына баш ийген.