АТЧАН АСКЕР
АТЧАН АСКЕР‒ аскерлер курамынын бир түрү. Алар атчан жүргөндүктөн, согуш аракеттеринде ар кандай жерлерде өз алдынча чабуул коюуда, коргонууда көп артыкчылык кылган. А. а. ж-дө маалымат биринчи жолу б. з. ч. 9-к-да Ассирия армиясы тууралуу булакта учурайт. А. а-дин согушуудагы башкы ыгы ‒ колдо бар бардык куралдарды (найза, жаа, кылыч ж. б.) пайдаланып, ыкчам чабуул коюу. Байыркы грек мамлекеттери (Спарта, Афины) жылкыга бай болгондуктан, Түн. Грекияда, Фивада эӊ көп А. а. түзүлүп, б. з. ч. 4-к-дын 1-жарымында фивалык кол башчы Эпаминод алгачкы жолу А. а. менен жөө аскерлердин биригип аракеттенүүсүнүн натыйжасында душманын кыйраткан. Б. з. ч. 4-к-дын 2-жарымында Александр Македонскийдин армиясында А. а. негизги сокку уруучу күчкө айланган. Ал эми А. а-ди согуштук аракеттерде пайдалануу чеберчилиги жагынан көчмөн элдер европалыктарга караганда алда канча алдыда тургандыгы белгилүү. Себеби көчмөндөрдүн күнүмдүк турмуш-тиричилиги, бүткүл жашоосу жылкы менен тереӊ байланышта өткөндүгү белгилүү. Байыркы түрк калктарынын, анын ичинде кыргыздардын чарбалык, согуштук турмушундагы жылкынын ээлеген орду, алардын рухий жашоо турпатына да таасирин тийгизген. «Ат адамдын канаты», «Аты жоктун буту жок», «Атыӊ барда жер тааны, атаӊ барда эл тааны», «Атты баксаӊ ар жерде, жоого бербес тар жерде», «Аттан айрылганы, канатынын кайрылганы» ж. б. у. с. макал-лакаптар кыргыздардын турмушундагы жылкынын маанисин жана ролун даана чагылдырат. «Манаста» жана кыргыздын башка улуу эпосторунда жоокер менен анын атынын ортосундагы үзгүлтүксүз байланыштар өтө кеӊири сүрөттөлөт. Енисейдин Сулек деген жериндеги, Кочкордогу Көк-Сай, Бөйрөк-Булактан ж. б. жерлерден табылган байыркы түрк калктарынан калган археол. эстеликтерде атчан жоокер келбети тартылган сүрөттөр көп кездешет. Орто кылымдарда жоокерди аты менен бирге коюу салты ‒ көчмөн элдерге мүнөздүү, кеӊири тараган көрүнүш болуп саналат. Көчмөндөрдүн согуштук күч-кубаттуулугу негизинен А. а-ден турган жана аларды пайдалануунун атайын ыкмаларын жогорку деӊгээлде өздөштүрүшкөн. Кыргыздардын согуштук өнөрүндө пайдаланылган ‒ ат коюу ыкмасы душманга чабуул коюунун мыкты ыкмасы катары кеӊири белгилүү болгон. 6‒8-к. Түрк кагандыгынын, 7‒10-к. арабдардын, 13‒14-к-дагы Чыӊгыз хан башында турган монголдордун аскерлеринин эбегейсиз зор аймактарды каратып алуусунун бирден-бир себеби ‒ алардын мыкты уюшулган, тез аракеттенген, шамдагай, чыдамкай А. а-ге ээ болгондугу менен байланыштуу. Көчмөндөрдүн А. а-лери кыска мөөнөттө жүздөгөн чакырым аралыктарды чаалыкпастан өтүүгө жөндөмдүүлүгүн көрсөткөн. Орто кылымдарда Батыш Европа өлкөлөрүндө да рыцардык А. а-лер башкы согуш күчүнө айланган. Жаӊы мезгилде Европа өлкөлөрүндө дары менен атылчу куралдардын, транспорт каражаттарынын түрлөрүнүн көбөйүшүнөн улам, А. а-дин мааниси төмөндөгөн. Кийинки мезгилдерде Россиядагы, Кырг-ндагы граждандык, о. эле 1- жана 2-дүйнөлүк согуштун жүрүшүндө да А. а. кеӊири пайдаланылган, к. Атчандар армиясы.
А. Орозов.