АТТИШ
Jump to navigation
Jump to search
АТТИШ, к ы ч к а ч, а т к ы ч к а ч, к а м б а р к ы ч к а ч ‒ мык ж. б. сууручу аспап. Эки жаагы бири-бирине кадоо аркылуу кайчылаша бириктирилип, бирөөнүн баш жагы колго илинбеген буюмдарды чымчыгыдай ичин карай ийилип, экинчи жагы кармаганга ылайыкталып, түз жумуру темирден жасалат. Ал негизинен устачылыкта, зергерчиликте жана үй-тиричилигинде кеӊири колдонулат. А-тин башка түрүн кемпирооз деп аташат.
С. Искакбаев.