АТОМ ФИЗИКАСЫ
АТОМ ФИЗИКАСЫ - физиканын атом түзүлүшүн, касиетин жана андагы элементардык процесстерди изилдеп үйрөтүүчү бөлүмү. 19-к-дын акыры жана 20-к-дын башында физикада бир нече илимий ачылыштар болгон. А. Беккерель радиоактивдүүлүк кубулушун (1896), англиялык физик Ж. Томсон электронду (1897) ачкан. П. Кюри жана М. Склодовская-Кюри радиоактивдүүлүк кубулушун тереӊ изилдеп, атом бир нече элементардык бөлүкчөлөрдөн турарын, башкача айтканда структурасы татаал экенин далилдешкен. Бул ачылыштардан жана изилдөөлөрдөн кийин, атом заряддалган бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүүчү системасы деп каралып, атом моделинин структуралык үлгүсү түзүлгөн. Бул илимий ачылыштар А. ф-нын өнүгүшүнө түрткү болду. Англиялык физик Э. Резерфорддун 1911-ж. атом ядросун аныкташы А. ф-нын өнүгүшүндөгү эӊ маанилүү этап болгон. Резерфорд планеталык атом моделин сунуш кылган. Бул б-ча атом борборунда оӊ заряддуу оор ядро жана ядронун тегерегинде кандайдыр орбиталар боюнча кыймылдоочу терс заряддуу жеӊил электрондор жайгашкан. Резерфорд бул моделди оор элементтердин атомдорунун таасиринен a-бөлүкчөлөрдүн чачыроо бурчунун чоӊдуктарына негиздеген. Бирок, бул модель турактуу нур чыгарышын, нурлануу спектри сызыктуу экенин жана фотоэлектр кубулушун түшүндүрө алган эмес. Немец физиги М. Планктын квант теориясы гана заттын атомдору электр-магниттик энергияны айрым порциялар (жарык кванты) менен чыгарарын жана анын Е энергиясы чыгарылган нурдун жыштыгына n түз пропорциялаш экенин далилдеди: У=hn, h ‒ Планк турактуулугу. Атомдун түзүлүшү жонундөгү квант теориясына даниялык физик Н. Бор 2 постулатты айтуу менен эӊ маанилүү салым киргизген, к. Бор постулаты. Ад.: Борн М. Атомная физика. 3-е издание М., 1970; Ельяшевич М. А. Атомная и молекулярная спектроскопия. 2-е издание. М., 2000.