АТМОСФЕРАДАГЫ СУУ БУУСУНУН КОНДЕНСАЦИЯСЫ
Jump to navigation
Jump to search
АТМОСФЕРАДАГЫ СУУ БУУСУНУН КОНДЕНСАЦИЯСЫ‒ абадагы суу бууларынын суюктукка (тамчыга) айланышы. Ал суу буусуна каныккан абанын муздак заттарга тийишинен пайда болот. Таштарда, дубалдарда, бак-дарактарда же аба конденсациясынын ядролорунда көп байкалат. А. с. б. к. буунун серпилгичтигине, темп-расына, электр зарядына, тамчынын өлчөмү менен хим. курамына байланыштуу. Атм-да конденсация ядролору бууга айланган туздардан, метеориттердин күйүшүнөн, токойлордун өрттөнүшүнөн, түтүндөрдөн, космостук чаӊдардан, бактериялардан ж. б-дан пайда болот. Конденсациясынын негизинде атм-да булуттар, тумандар, жаан-чачындар, жер бетинде шүүдүрүм, бубак, кыроо ж. б. келип чыгат.