БАЙЗАКОВ Шейшенбек Калильбекович

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
13:54, 16 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Temirkan (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАЙЗАКОВ Шейшенбек Калильбекович (17. 12. 1954-ж.т., азыркы Балыкчы ш.) – милициянын генерал-майору (2011). СССР ИИМдин Караганды жогорку мектебин бүткөн (1977). 1977–81-ж. Фрунзе шаардык ички иштер башкармалыгында кылмыш иликтөө бөлүмүнүн инспектору, 1981–83-ж. Фрунзе ш-нын Октябрь р-ндук ички иштер бөлүмүндө начальниктин орун басары, 1983–85-ж. Сокулук, 1985–88-ж. Чүй р-ндук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниги, 1988–91-ж. Кыргыз ССР ИИМдин Кылмыш иликтөө Башкы башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштери б-ча улук ыкчам өкүлү, 1991–93-ж. Талас, Ысык-Көл обл-нын ички иштер башкармалыгында кылмыш издөө бөлүмүнүн начальниги, 1993–96-ж. КР ИИМдин Экон. кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү б-ча мамл. башкармалыгынын начальнигинин 1-орун басары, 1996–2001-ж. КР ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана бандитизмге каршы күрөшүү Башкы башкармалыгынын (ГУБОП) начальниги, 2001–10-ж. Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги, 2010–11-ж. КРдин Убактылуу Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамл. кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу, 2011–12-ж. КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамл. кызматынын төрагасы, «Менде сый-урмат бар» улуттук аскер бирлигинин төрагасы, КРдин Бильярд спорту федерациясынын башкы катчысы жана биринчи вице-президенти. Самбо б-ча СССР спортунун чебери (1972). КРдин Таэквондо федерациясынын биринчи вице-президенти (1993). КР ИИМдин бильярд б-ча чемпиону (1999). Бильярд спорту б-ча Бишкек ш-нын вице-чемпиону (2000). «Милициянын отличниги». СССРдин жана КРдин медалдары, КРдин Ардак грамотасы менен сыйланган.