БАГЫТТАР ТАЛААСЫ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
14:24, 10 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

БАГЫТТАР ТАЛААСЫ‒ хОу тегиздигинде жаткан жана ар бирине белгилүү багыт туура келген чекиттердин тобу. yӊ=f(x, y) (1) дифференциалдык теӊдемеси берилип, f(x, y)ОD облусунда аныкталса, анда каалагандай (x0, y0)ОD чекитине толук белгилүү k=f(x0, y0) бурчтук коэффициент туура келгендиктен, ал чекит аркылуу өтүүчү интегралдык ийри сызыктын жанымасы ошол багытка дал келет. Б. т. интегралдык ийри сызыктарды жакындаштырып, график түрүндө тургузууга мүмкүндүк берет. Демек берилген дифференциалдык теӊдеме Б. т-н аныктайт. Тескерисинче хОу тегиздигинин кандайдыр D облусунда жетиштүү жыштыкта Б. т. берилсе, ал жогорудагы белгилүү теӊдемени мүнөздөйт. Дифференциалдык теӊдемени чыгаруунун бир жолу изоклиндер ыкмасы деп аталат. Миссалы, yӊ=y/x теӊдеменин биринчи интегралы ax+by = 0 (мында, a, b ‒ ар кандай турактуу сандар) түз сызыктарынын түркүмү болот. (0; 0) чекитинде теӊдеме маанисин жоготот. Ошондуктан анын Б. т. координата башталмасынан чыккан жарым түз сызыктар болот.
Ад.: Степанов В. В. Курс дифференциальных уравнений. М., 1966; Пискунов Н. С. Дифференциальное и интегральное исчисления. Т. 2. М., 1985.
Б. К. Темиров.