АҢЫР

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
12:16, 3 -ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата Dilde (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АҢЫР, к ы з ы л ө р д ө к – каз сымалдар түркүмүндөгү өрдөктөр тукумунун өкүлү. Узундугу 60 смге жакын. Тулку бою куйкул сары түстө, канаттары ак, кара, узун, куйругу да кара. Түштүк Европа, Түндүк Африка жана Азияда тузсуз жана туздуу көлмө жээгинде, Орто Азияда 4500 жге чейинки бийик тоолордо таралган. Кыргызстанда уясын суудан алыс аскаларга, суур, кашкулак, түлкү ийиндерине салат. Уяга 8-12 жумуртка тууп, ургаачысы басып чыгарат. Өсүмдүк, жаныбар, ошондой эле тарпты да жейт. Күзүндө анча чоң эмес топ түзүп, Түштүк Азияга кыштоого учуп кетет.