АҢЫЗ
Jump to navigation
Jump to search
АҢЫЗ – эгини орулуп-жыйналып алынган жер. Анда чабылган эгиндин маясы жана вегетация мезгили улануучу бир же көп жылдык отоо чөптөр калат. Анда көптөгөн өсүмдүк зыянкечтери жана айыл чарба . өсүмдүгүнүн илдет козгогучтары сакталып, дыйканчылыкка чоң зыян келтириши мүмкүн. Ошондуктан отоо чөптөрдү, зыянкечтерди жок кылуу, топурактагы нымдын бууланышын азайтуу үчүн эгин оруп-жыйналары менен А. кыртыштап, отоо чөптүн жерге түшкөн үрөнү өнүп чыккандан кийин терең айдалат. Эгин (арпа, сулу ж. б. менен) аралаш себилген көп жылдык чөп жыйналып алынгандан кийин А. айдалбайт.