АГРЕССИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
18:37, 13 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата v1e2_72-116>Kadyrm тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку версиясы | Соңку версиясы (айырма) | Жаңыраак версиясы → (айырма)
Jump to navigation Jump to search

, (лат. aggressio ‒ кол салуу) э л ар а л ы к у к у к т а ‒ мамлекеттер аралык мамиледе мыйзамды бузуп күч колдонуу. 1974-ж. 14-декабрда БУУнун Башкы Ассамблея сы кабыл алган аныктама б-ча мамлекет тарабынан башка мамлекеттин суверенитетине, аймагынын кол тийбестигине же саясий көз каранды эместигине карата куралдуу же БУУнун Уставына дал келбеген күч колдонуу. Күч колдонуу ыкмасы б-ча тике ж-а кыйыр болуп бөлүнөт. Жогорудагы аныктама А-га кошо катышуу сыяктуу өзгөчө жагдайды да камтыйт (мис., өз аймагын А-лык иш-аракет жүргүзүү үчүн берүүсү). А-нын өзгөчө кооптуу формасы болуп куралдуу күч колдонуу эсептелет ал эларалык кылмыш катары баалануу м-н эл аралык жоопкерчиликке тартылат. А-нын натыйжасында тартылып алынган аймактар же башка олжолор (аннекциялар) мыйзамдуу боло албайт. А-нын жасалышы тууралуу фактыны тактоо укугу БУУнун Коопсуздук кеӊешине таандык. Мис., 1990‒91-ж-дагы Кувейтке каршы А-га байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеӊеши Иракка каршы олуттуу санкцияларды берген. Ал экон., идеол., психол. же башка формаларда болушу мүмкүн. М. Артыкбаев, Н. К. Алиева.