АТАВИЗМ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:49, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (3)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АТАВИЗМ (лат. atavus ‒ теги) ‒ белгилүү бир түрдүн организминде эволюция процессинде алыскы тегинин белгилеринин пайда болушу, мис., жылкынын үч манжалуулугу, кошумча сүт бездери (полимастия), куйруктуу адам, киши денесинин жүн менен капталышы (гипертрихоз). Организм онтогенезинде А-дин пайда болушу түрдүн эволюциясында ушул гендин (морфогенездик системанын) сакталып калышы менен түшүндүрүлөт. Эгер организм туура өөрчүсө бул гендин аракети башка репрессор ген менен басылып турат. Качан репрессор ген бөгөт болуу жөндөмдүүлүгүн жоготкондо А. пайда болот.