АТАБАСКА КӨЛҮ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
16:22, 17 -октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата Begay (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search
АТАБАСКА КӨЛҮ ‒ Канаданын батышындагы көл. Макензи дарыясынын системасында. Аянты 7,9 миӊ км2. Тереӊдиги 60 мге чейин. Түндүк жээги тик кашаттуу, түштүк жээги түз. Октябрдан июнга чейин тоӊот. Көлгө Атабаска дарыясы куюп, андан Эрксиз дарыясы агып чыгат. Балык кармалат.