АТ МАЙДАН
АТ МАЙДАН, и п п о д р о м (гр. hippodromos, hippos ‒ ат жана dromos ‒ чуркоо, чуркоо үчүн жай) ‒ таскактуу аттарды жана күлүктөрдү сыноочу, ат спорту боюнча мелдеш өткөрүлүүчү курулмалардын комплекси; аларды уюштуруучу мекеме. А. м. байыркы замандан (Грекия, Рим) белгилүү. А. м-да көрүүчүлөр үчүн трибуна, калыс мунарасы жана ат чабуу үчүн айланма жолдор болот. Айланма жолдун ортосундагы тегиз аянтта ат спорту боюнча мелдештер өткөрүлөт. Күлүктөр үчүн А. м. жолунун узундугу 2000‒2400‒3000 м, туурасы 20‒30 м, таскактуу аттар үчүн узундугу 1600, туурасы 20‒25 м болот. Бишкектеги мамлекеттик А. м. (Термечиков көчөсү, 1) 1947-ж. курулган. Негизги аянтында таш көмүр күлү төгүлгөн жорголор жолу (узундугу 1600 м, туурасы 18 м), күлүктөр жолу (узундугу 2000 м, туурасы 20 м) жана майда шагыл төгүлгөн машыгуу жолу бар. А-да 3 миӊ орундуу трибуна, аймагында аткана; ветеринардык изолятор, ветеринардык дарылоо жайы, устакана, жем сакталчу кампа. жатаканасы бар. А. м .долбоорунун автору ‒ архитектор В. Нусов.