АСТРОМЕТРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:45, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСТРОМЕТРИЯ (астро... жана ...метрия ) ‒ астрономиянын бир бөлүмү. Ал Ааламдын мейкиндиктеги картинасын түзүү үчүн асман объектилеринин геометр., кинематикалык жана динамикалык касиеттерин изилдейт. А. методу асман объектилеринин параллаксын , планета жана жылдыз орбиталарын, алардын бетиндеги нерселердин өлчөмүн, жайгашышын ченейт. А-нын маалыматтары астрономиянын асман механикасы, астрофизика, жылдыздар астрономиясы, геодезия жана геофизикада кеӊири колдонулат. А-нын негизги милдети ‒ астр. туруктуу чоӊдуктардын сан маанилерин аныктоо, жылдыздардын абалын жана өздүк кыймылдарынын каталогдорун түзүү. Б. з. ч. 4-к-да эле кытай астроному Ши Шень айрым жылдыздардын каталогун түзгөн. Грек астроному Гиппарх прецессия кубулушун ачып, 1022 жылдыздын каталогун түзгөн, 15-к-да Улугбек бул жылдыздарды кайрадан изилдеген.