АССИММЕТРИЯЛЫК СИНТЕЗ
Jump to navigation
Jump to search
АССИММЕТРИЯЛЫК СИНТЕЗ ‒ оптикалык жактан аракетсиз жана ассимметрия борбору жок заттардан оптикалык активдүү бирикмелер пайда болуучу химиялык процесс. Ассимметриялоочу агенттин (оптикалык активдүү бирикмелер) же кандайдыр бир физикалык факторлордун катышуусунда жүрөт. 1904-ж. немец химиги В. Марквольд оптикалык активдүү метилэтилуксус кислотасын 1-жолу алган. Жарым-жартылай А. с-ге алкендерди же карбонил бирикмелерин гидрлөө, галогендөө кирет. Ассимметриялык катализ практикалык чоӊ мааниге ээ. Ал гербициддерди, оптикалык активдүү ментолду, амин кислоталарды, кантты алмаштыруучу заттарды, Паркинсон оорусун дарылоочу гидроксифенилаланинди ж. б. синтездөөдө колдонулат.