АСПЕРДИ

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
17:43, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата Kadyrm (Талкуулоо | салымдары) (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4), ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСПЕРДИ Чот уулу А ж ы д а т к а (болжол менен 1780‒1852) ‒ кыргыздардан чыккан таасирдүү инсан, саруу уруусунун бийи. 1826-ж. Мадалы хандын тушунда датка наамын алып, ага Талас өрөөнүн башкаруу укугу берилген. Ошондон баштап эл арасында «Ажы бий», «Ажы датка» аталып калган. 1842-жылдагы элдик көтөрүлүштө бир тууган жээни Шераалыны хан көтөрүүдө чоӊ роль ойногон. А. датка өмүрүнүн акырына чейин Талас өрөөнүндөгү Кара-Буура суусунун жээгинде жашаган жана кыргыз элинде кадыр-баркка ээ болгон. Кокон хандыгы менен кыргыз элинин байланыштарына өз салымын кошкон. Хандык менен кыргыз элинин ортосундагы карым-катнашты, достукту жана ынтымакты чыӊдоого аракетин жумшаган. Датка динди бекем тутуп, бийлигин калыстык менен жүргүзгөн.

                                                                                                                  А. Абасбеков.