АСПАП

Кыргызстан Энциклопедия Жана Терминология Борбору дан
10:08, 24 Июль (Теке) 2023 карата Lera (Талкуулоо | салымдары) тарабынан жасалган версия
Jump to navigation Jump to search

АСПАП‒ иштетилүүчү буюмдун формасын талапка ылайык өзгөртүүдө колдонулуучу эмгек куралы же машина механизми. Анын кесүүчү (кескич, бургу, фреза жана башка), басым астында иштетүүчү (штамп жана башка), чарыктоочу (чарыкташ, кайракташ, бүлөө жана башка), усталык (балка, кычкач, өгөө, тешкич жана башка), ченөөчү (штанген, циркуль, сызгыч, индикатор, микрометр жана башка), бекитүүч ү (кыскыч, бекитүүчү патрон, цанга) жана башка түрлөрү бар. Техника тармактарында ар түрдүү өлчөөлөр, медицина менен ветеринарияда хирург. операцияларда колдонулуучу приборлор менен түзүлмөлөр да Аспап деп аталат.